ВИДЕО - "Бет кабы жок адамга 10 миң сомго чейин айып пул салынышын талап кылам", - дейт COVID-19 илдетин жуктуруп алган ырчы Анжелика

Ырчы Анжелика коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу ал жеке баракчасы аркылуу коомчулукка билдирип, бет кап тагынуу керектигин эскерте кетти. 

Маалым болгондой, ырчы 2 күн катарынан иш-чарага барган жана дал ошол жактан жуктуруп алганын айтат. Ал 14 күн бою өздүк изоляцияда болоорун кошумчалай кетти.

"Көчөдө бет кабы жок жүргөн адам - эң жогорку деңгээлдеги куралчан адам" деп билем" дейт ал.

Андыктан ырчы айым бет кап тагынбаган жарандарга 10 сомго чейин айып пул салуу керектигин талап кылды. Анын себеби жарандар бет каптан акчасын аяп, өз өмүрлөрү менен коштошушу мүмкүн экендиги менен түшүндүрдү.

https://www.instagram.com/tv/CNPXsS_I0F7/



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер

Светлана Омурбекова
Саламатсыздарбы ? Бет кап кийуу маанилуу эмес деп соц тармактарга жазылып ...Бет каптын ичинен Курт чыгып жатканын корсоиуп жатышат ..
Алик Жолдош
Бет капта курт бар экенин оз козум менен кордум ал да адамзатка каршы чыгарылган бул согуштун бир болугу.Козго корунбойт телефон камерасы аркылуу корсонор болот.

Комментарий кошуу