Садык Шер-Нияз: "Кош бол, Жамал эже... Сиздей адамдар өлбөйт, түбөлүк жашайт"

Бүгүн, 17-февралда Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнатында Садык Шер-Нияз көңүл айтып, анын өрнөгү миң жылдап калаарын баса белгиледи:

Жамал эжедей адамдар өлбөйт, түбөлүк жашайт. Анын жүздөгөн шакирттери анын ролунда, интонациясында, кыймыл-аракетинде Жамал эженин таасири, сабагы кайталанып турат. Демек,

Ушул Орто Азия чөлкөмүнөн чыккан мейли Омар Хайям болобу, мейли биздин Токтогул болобу ким болбосун өрнөгү калгандай, Жамал эженин дагы өрнөгү миң жылдап калат. Кош бол, Жамал эже. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун", - дейт ал сөзүнүн соңунда.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу