Баткенде изделип жаткан 21 жаштагы келин табылды

Кечээ, 13-апрелде Баткен облусунда жоголгон 21 жаштагы тургуну Айхан Закир кызы аман-эсен табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Айхан Закир кызы 13-апрель күнү кечке жуук Баткен РИИБинин кызматкерлери тарабынан Баткен шаарынан табылды. Анын абалы жакшы, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кайда, эмне кылып жүргөнү тергөөдө аныкталат", - делет маалыматта.

Эске салсак, Айхан Закир кызы 2021-жылдын 12-апрель күнү болжол менен саат 11.00 чамасында Баткен районунун Бужум айылында күйөөсү менен чогуу жашаган үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу