ФОТО, ВИДЕО - Египетте автобус менен күйүүчү май ташыган унаанын кагылышуусунан 20 адам каза болду 

Египетте автобус менен күйүүчү май ташыган унаалардын кагылышуусунан улам 20 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маадыматка ылайык, окуя Египеттин Асьют провинциясында болгон. Жүргүнчү ташыган автобус трассада бузулуп турган күйүүчү май ташыган унааны сүзүп, эки унаа тең күйүп, жыйынтыгында  20 адам көз жумган. 

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, автобустун айдоочусу караңгыда токтоп турган жүк ташуучу унааны байкабай калган. Окуя болгон жерге 30 дан ашуун "Туз жардам" унаалары келип, жаракат алгандарды ооруканага алып кетишкен.

Өзгөчө кырдаал болгон жерде куткаруу иштерин Асьют провинциясынын губернатору жетектеген.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, Египетте жол кырсыгынан улам жылына 12 миң адам каза болот. Көпчүлүк учурларда жол кырсыгына адамдар өздөрү күнөөлүү болуп калышат. Тактап айтканда, жол эрежесин одоно бузушат, ылдам айдашат, бири биринен ашып өтүү үчүн кооптуу аракеттерди жасашат.

 



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу