Кытайда төөлөргө жол чырак орнотулду

Кытайда төөлөргө арналган өзгөчө жол чырак пайда болду. Бул тууралуу чет элдик булактар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал туристтер арасында белгилүү болгон Дунхуан шаарында орнотулган. Кызыгы, жол чырак жашыл белги болуп күйгөндө төөлөр жолду кесип өтүшөт, ал учурда адамдар жол бошотуп, күтүп туруусу керек. Ал эми, жаныбардын миниатюралык сүрөтү кызыл болуп күйгөндө адамдар өтүп, төөлөр күтүп туруусу керек.

Жергиликтүү бийликтин айтымында, бул жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылат.



Регина Баймуратова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу