Өтпөй калган партиялардын өкүлдөрү БШКнын алдында ачкачылык жарыялашты

Бүгүн, 14-апрелде шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон бир нече партиянын өкүлдөрү БШКнын имаратынын алдына чатыр тигип, ачкачылык жарыялашты. Алар үч күн күтүшөрүн, ал аралыкта бийлик укпай турган болсо, акцияны токтотпой уланта беришерин айтышууда.

Милиция Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына тигилген чатырды алып салды. Акцияга чыккан партиялардын өкүлдөрү бул кадамды мыйзамсыз деп баалашууда.

Белгилей кетсек, сот Свердлов районунун аймагында ар кандай аракеттерге тыюу салган.

"Кыргызстан" социалисттик партиясынын өкүлү Нурбек Жоробеков партиясы ачкачылык акциясына кошулбоо чечимин кабыл алышканын, бирок жеке өзү активист катары шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптарды колдой турганын маалымдады.

Эске салсак, 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөн.



Регина Баймуратова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу