Бишкек-Токмок унаа жолунда жол кырсыгынан улам 7 адам жабыркады

Бишкек-Токмок унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 7 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-апрелде болжол менен саат 14:00дор чамасында Бишкек-Токмок-Торугарт автожолунун 18 чакырымында Мерседес Бенс Спринтер унаасы менен ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 7 адам жабыркаган. Жерине Ысык-Ата райондук №27 өрт куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган 1952-жылы туулган аялды унаадан чыгарып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилген. Жабыркаган жарандардын абалдары орто.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу