Орусияда белгилүү бизнесмендин уулу сүйүктүүсүнүн кулагына атып салган

Белгилүү орусиялык бизнесмен Константин Шарыгонун уулу Александр Шарыго сүйүүктүсүнүн кулагына атып салган. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 7-мартында Шарыгонун батирине сүйүктүүсү менен анын курбу кызы келген. Алар 8-мартка карата спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Бир убакта Александр өзүн агрессивдүүлүгүн көрсөтө баштаган. Ал бир нече ирет сүйүктүүсүнүн башына тапанча такап, кыздын кулагына атып салган. Кыздын кулагынан кан агып, укпай калган. Андан соң, жаракат алган кыз менен курбусу батирден чыгып кетип, ооруканага барышкан.

Жабырлануучунун айтымында, жогорудагы кечеде Шарыго "Мен кыйынмын! Мага баары мүмкүн" деп кайталай берген.

Шектүү окуя болгондон кийин 1 айдан кийин, тактап айтканда 13-апрелде гана кармалган. Ага карата ден соолукка жеңил зыян келтирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, эч жакка чыгып кетпөө тил каты менен бошотулган.

Эскерте кетсек, 2016-жылы Александр Шарыго ошол учурдагы сүйүктүүсү, модель Анна Лисовскаяны зордуктоо боюнча кылмышка шектүүлөрдүн бири болгон. Андан кийин ал өзү полицияга багынып берген. 1 жылдай түрмөдө отуруп, эч жакка чыгып кетпөө тил каты менен эркиндикке чыккан. 



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу