Мамлекеттик бажы кызматы контарбандага каршы күрөшүү бөлүнүштөрүнүн ушул жылдын 1-кварталына карата ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Мамлекеттик бажы кызматы контарбандага каршы күрөшүү бөлүнүштөрүнүн ушул жылдын 1-кварталына карата ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, ушул жылдын 1-кварталында бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүнүштөрү тарабынан 768 укук бузуу фактылары аныкталган, анын ичинен:

- Бузуулардын бирдиктүү реестрине 693 факт катталып, козголгон иштер боюнча 2,9 млн. сом суммасында айып өндүрүлгөн жана  13,7 млн. сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү төлөнгөн;

- Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 75 факт катталган жана 33,6 млн. сом суммасында келтирилген зыяндын орду өндүрүлгөн.

Бажы укук бузууларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында кошумча 26,3 млн. сом суммасында бажы төлөмдөр төлөнгөн.

2021-жылдын 1-кварталындагы иштин жыйынтыгы боюнча бюджетке кошумча түшүрүлөөрдүн суммасы 76,4 млн. сомду түздү.

Өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу бузууларды аныктоо 58% га жогорулаган, эгерде өткөн жылы 486 бузуу фактысы аныкталса, отчеттук мезгилде бул көрсөткүч 768 фактыны түзгөн.

Бюджетке кошумча түшүүлөрдүн суммасы 52,7% га же 26,4 млн. сомго көбөйгөн, эгерде 2020-жылдын 1-кварталында кошумча түшүүлөрдүн суммасы 49,9 млн. сом болсо, отчёттук кварталда бул көрсөткүч 76,4 млн. сомду түздү.

 

 



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу