ВИДЕО - Түнү таравих намазынан келе жаткан балдарды формасы жок милиция кызматкерлери унаага салып кетүүгө аракет кылышты

Кечээ, 14-апрелден 15-апрелге караган түнү Бишкектеги Бейшеналиев көчөсүндө Мерседес үлгүсүндөгү автоунаанын ичиндеги адамдар өзүн милициянын кызматкеримин деп тааныштырып, эки жаш баланы унаага отургузууга аракет кылышкан. Бул тууралуу балдардын энеси Венера Касымова Фейсбук социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып жатып билдирди.

Анын айтымында, 18 жана жашы жете элек өспүрүм баласы экөө таравих намазынан келе жатышкан. Жолдон милициянын формсы жок адамдар токтотуп, аларга күч колдонуп унаага отургузууга аракет кылышкан. Балдар коркконунан апасына телефон чалып, аларды алып кетүүгө аракет жасап жатканын айтышкан.

Венера Касымова өзүн милициянын кызматкеримин деп тааныштырган адамдан эмне үчүн балдарын алып кетүүгө аракет кылышканын сураганда, “жашы жете элек өспүрүмдөргө түнкү рейд жүрүп жатат” деп жооп берген.

Окуянын чоо-жайын толук төмөнкү видеодон көрө аласыздар:

 



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу