Жаан жайт. 16-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, эртең, 16-апрелде түнкүсүн жана күндүз Чүй, Жалал-Абад облусунун айрым райондорунда жана Нарындын дыйканчылык аймактарында жаан жаайт.

Калган жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында ​түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;

Бишкекте 16-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 21…23 градус.



Регина Баймуратова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу