Уу коргошун ичип ууланган алгачкы бейтап катталды. Сүрөт

Социалдык тармактарда Бишкекте киши "Ысык-Көл тамыры" деген чөптүн кайнатмасын ичип алып, ууланып калганы тууралуу маалымат тарап жатат.

Бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына Кыргыз-Россия Славян университетинин клиникалык фармакология кафедрасынын жетекчиси, медицина илимдеринин кандитаты Аида Зурдинова дагы жазган.

"Мессенджер аркылуу мага маалымат түштү. Тез жардамда иштеген таанышыма саат 14:00дө бир киши чалып "жардам бергиле" деп кыйкырыптыр. Бейтап 10-кичи райондо жашайт экен. Дарыгерлер жерине барганда батирдин ичинен бүгүн жарнамаланган уу коргошундун бөтөлкөсүн көрүшкөн. Бейтаптын жүрөгүнүн согушу бузулуп, дем алуусу кескин начарлаган. Бактыга жараша, Тез жардамды убагында чакырышкан. Бейтап өзү дагы ошол кайнатманы ичкенин билдирген. Жаран токсикологияга жеткирилген, жакшы болуп кетет деп үмүт артуудабыз", - деп жазды ал.

Анткен менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнөн мындай бейтаптар түшпөгөнүн билдиришти.

Ал эми Зурдинова өзүнүн жазган постунун алдына бейтап жеке клиникага жаткырылганын жазып, окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат эртең болорун билдирди.



Регина Баймуратова

Бөлүшүү


Комментарийлер

Али
Койгулачы. Аккан суунун кадыры жок дейт. Бир көрсүн өзүнөрдүкүнү эле кочет этебербей.
Упел
Эшекти отко айдасаң, бокко качат- болбой туралы.
Асел
Калп ишенбейм чын болсо суротунон бери жуктомоксунор.Уу коргошунду илгертен бери ичип келишкен.Оз алдынарча ичкиле деген эмес врачтын козомолундо ичкиле деп айтылган.Коп дооруй бербегилечи жетишет болду кылгыла.
Гуля
Жалган маалыматтан акча тапкан адамдарга алла таалам жазасын берсин орозонун кунундо
Курбаналы
Уу коргошунду билген адамдар илгери эле колдонуп келет.Ажалы жеткен адам баары бир өлөт.Эми Садырды ушул аркылуу жамандап атасынарбы???. Каалабаган адамдар ичпей эле койгулачы.
Бактыгул
Кошулбайм калп
ГУЛ
Баардык даарыда"противопоказание" деген бар,"инструкция" деген бар. Оозунарга куюп аткансып эле... Ар бирибизге жаныбыз таттуу эле го
Анара
Уу коргошунду оз алдынча ичкиле деп ким айтты? Аны муздак ичсе ууланмак турсун олот. Ичкенди билбесе ичпесин. Садырды жаманатты кылгысы келгендер ушинтип уу коргошунду курал кылып жатышат.
Гулнара
Президентибиз кыргызстандын келечегин ойлоп айткандыр эмне эле каршы чыгып жатасыздар тезкерисинче жардам бербейлиби
Сакен
Уу коргошун менен азыр да злдик табыптар дарылайт
Гульнара
Ортодон бийликке жетпей калгандар,ортодон ушак тараттырып эле жаман болдунар гоо,президентибиз озу башында турат го бул дарынын,колдобойлу андан коро,жардам берели.Оорулууларга мед.кызматкерлердин козомолундо гана берилип жатат деп министр озу айтты гоо,эмнеле болуп атасынар.
Гуля
Уу коргошунду озунун рецеби м н ичсе эч нерсе болбойт, антип жаман атты кылбагыла сураныч
Жапар иминов
Бул курулай эле доомат. Мен ишенбейм. Булар бузукулар.
Венера
Эптеп шылтоо таппай тургандарга кызыктуу материал болду го. Инструкциясын карап ичпейби. Каралагандын да чеги болот да. Өлгүсү келсе иче берсин.
АЙГУЛ
Шылтоо таба албай жаткан ичи куйгон бироо жыргап эле эле жаза калыптыр да Садыр Жапаровго асылып атып чарчашпады бул адамдар же оздору кыйратпады отуз жылдан бери эми тынч эле жашап журсо болбой бекен десен
Гуля
Уу коргошунду билип ичкиле да куноолоп жатып калбай табыптар берип эле келатышат анда эмне унчукпашкан
Кыңгыр
Жалган
Акылай
Бул даарыны билип колдонсо кудайым шыпаасын берет коп эле киши колдонуп журот мен дагы убагында колдонгом коп ооруга дары ажобуз элге жардам кылайын деп ойлоп атат да дарынын дозасы анан козомол керек
Махабат
ОЙНОП СҮЙЛӨСӨҢ ДА ОЙЛОП СҮЙЛӨ.КОЛУНАН ЭЧТЕКЕ КЕЛБЕЙ ДӨӨДҮРӨГӨН ДӨҢ БАШТАР КӨБӨЙДҮҮ.КАРА САНАГАНДЫ КАЧАН ТОКТОТОБУЗ.КЫРГЫЗ КЫРЫЛБАЙ УУ КОРГОШУНДУ БИЛИП ИЧИП ООРУБАСА ЭКЕН ДЕГЕН ТИЛЕГИ САДЫРДЫН.
Жылдыз
Автор ойлонуп суйло жаманаты кылбай калп эле орозо кундо,азыр ичип жетише элек адамдар ,кече айтылса бугун эле андып тургансып чыга калдын,
Асанова Г.
Автор орозо убагында туура жаз каралай бербе
Гуля
Уу коргошунду элге оорусуна дабаа болсун деп сунуштап жатышат да.Отко айдаса бокко качкандар куйгузду.Денгээли томондор тушунуп тушунбой эле жаза беришет экен
Айгүл
Ушундай калп маалымат тараткандар жоопко тартылуусу керек
Айгүл
Ушундай калп маалымат тараткандар жоопко тартылуусу керек
Сагын
Дартка даба болсо экен деп жатса чалканардан кеткен кандай немесинер? Жакпаса ичпей эле койгулачы жаткызып алып оозунарга куюп жаткан жок да. Уу коргошунду илгертен ушу күнгө чейин дарылыкка пайдаланып Садыр Жапаровго асылганынарды токтотуп, орозонун күнүндө кудайдан кечирим сурап, бала бакыранардын амандыгын тилегиле.
Жаныл
Башталды, уяты жок акмактар, калп жазмай, кичине кудайдан коркуп калп жазышса боло, уят, уят, айланайындар ойлонгулачы уят,уят!!!
Кермакан
Жаны оорубагандар суйлой берет. Ар нерсенин протиопоказаниеси бар. Дозасы бар.
Перизат
Ичет десе бир бутылканы бут ичиптирби?келесоо неме го?бирдеме коргон кишиби?бирдеме болсо эле доогурунгандар кобойду.шылтоо табалбай эле турушат.деги качан ушундай жалаа жапканды токтотобуз?балээ болду го.
Майрам
Уу коргошун коп ооруга даба экенин укканмын илгертеден пайдаланып келишкен аны озунун дозасы менен ичиш керек эптеп эле жаманатты кылмай экен да орозонун куну бул куноо болот
Бактыгул
Садыр Жапаровдой боло албай калганда эмне издеп табаарын билбей бул курал болуп калбадыбы акмактарга оозуна келгенин оттоп ишенбейм уу коргошундан эч ким олгон эмес дозасы мн ичилет анын оозуна эч ким куйбайт да элге жардам берели деп жатса да бут тосушат 10000 мин сомдон гепарин алганды каалап жаткандар да ошондо да Аалы жетсе кете берет 10000 сомдук геприн да алып калбайт анын жанын эч ким олгон жок ишенбейм
Айнур
Ушунча коро албастыктын эмне кереги бар деги эле айткылачы уу коргошунду укбаган жан барбы?
Умут
Эми вакцина албай ушул коронавирусту жеңип кетели деп Садыр айтып жатса жаман жакка бурмалоонун кереги жок бул олору дүйнөлүк масштабда элдин санын азайтып үчүн чыккан билип туруп жакшылыкка да андык болуп жатат бизде
Жылдыз
Калп,адамды жаманаттулоонун дагы бир турун ойлоп табыштыбы? Ал адамынар ФИО, суротун жибергилечи королу
Назгүл
Ошол да, калп эле Садыр Жапаровду жаман аттылай албай эле убара болуп жатышат го баары, миң жамандап, миң шыбасаңар да Садыр Жапаров элдик президент...
Мира
Уу коргошундан адам ууланбайт калп эле паника боло бербегиле менин апам эки ай ичкен режимди бузбаса эч нерсе болбойт
Мира
Бир тамчыдан баштап примерно кырк тамчыга жеткенбиз анан кайра артка тушуруп ичет ал муун ооруларга да жакшы
Токтобек к Алтынай
Кой ай бироого жалган жаланы жапбай жон отургула
Закен
Коп ооруга даба экен пратикада болду, калп эле жалаа жаппагыла
Барчынай
Бизде кыргызда качан көрө албастык,ичи тардык жоголот?! Анын өзүнүн рецеби болот,ошол менен ичиш керек,бир бутылкасын алып көтөрүп өз алдынча ичип албастан!
Насиба
Бизге кандай президент жагат өзү? Барибир эч ким жакпайт окшойт...
Алимов Таалай
Президент чыгып ушул даары экенин эч жерде айтканын корбодум лично мен, ал кишиге деле айып койгон болбойт, мына комментарийде эч кимиси жок эле эмне тытышып атасынар билбейм??)))) Силерге суйлогон адам озу жок, жон эле балжырайбай ишинерди кылгылачы, менго бекерчимин.
Алимов Таалай
Президент бир гана силердин президентинер болсо дагы))) ал Кыргызстан боюнча эле президент, баарынар бир тууганынардай эле жабышып алдынарго, бекер уят болуп журбогуло, эрте кокурок чийбегиле туугандар!
Журсун
Эптеп эле бир шылтоо изменения эле адамдар ай айланайындар кыйын ахыбалда турганда жардам бере турган дары болсо кайра ошого тууралыгын коруп канча адамдар аман калсын дебей уу коргошун элдин баары эле идёт же билбейсинерби ата бабадан бери келе жаткан дары да как профилактика катары да коп адамдар ичип журушот
Гулзат
Баарыбызга Аалах сабр берсин,ушундай ушакчы бузукулар тозокто куйкаланып калат айткандар акыреетинерди ойлогула,сага окшогондордон сабыры бар Адам чыйралат ушуну бир тушунуп кой
Муба
Аллахым шыпаасын берсин.
Врач
Ушул Аида Зурдинова жеткен шумшук, коррупционер аял, студентерден акчаны очойто алат. Калп айтып атат. Уят
Назгул
Мундарга ичет элем кимге барам
Жаныл
Кандай адамсынар . Эми ушуну менен каралайлы деп жатасынарбы? Калптын дагы сени барда. Уяты жок экен автор.

Комментарий кошуу