Белгилүү журналист Майрамбек Тойгонбаев 33 жаш курагында дүйнө салды

Бүгүн, 17-апрелде журналист Майрамбек Тойгонбаев 33 жаш курагында каза болду. Бул маалыматты маркумдун жакындары ырасташты.

Маалыматка ылайык, оорудан улам көз жумган. 

Майрамбек Тойгонбаев 1987-жылы 29-апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районунун Большевик айылында туулган. Ал акыркы жылдары Жогорку Кеңештин маалымат кызматында эмгектенген.

"Akmedia" сайты маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгысын тең бөлүшөбүз.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер

Гулмира
Сабыр кылыныздар
Мейлике
Майрамбек жаш элен айла жок жаткан жерин жайлуу, топурагын торко болсун. Ата энене, уй булоно, бир туугандарына, жакындарына аллахым сабыр берсин. Сабырдуу болуп кайрат кылыныздар.
Аэлита
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун Бейишке чыксын
Айгуль
Кайрат, Сабыр кылыныздар. Ыйианы саламат болсун. АРГА ЖОК.

Комментарий кошуу