СҮРӨТ - Садыр Жапаров окуучу кыздын кыялын орундатты

Сокулукта 3-класстын окуучусу Адинайга Садыр Жапаровдун атынан комуз белек кылынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова Нооруз майрамынын урматына Садыр Жапаровго кат жолдоп, улуттук музыкалык аспап белек кылууну суранган. Жазган катында ал өрүк комуз каалаарын белгилеген.

Бүгүн, 20-апрелде, Президенттин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Адинайдын өтүнүчүн аткарып, Президенттин атынан ага комуз белек кылган.

Кудайберген Базарбаев аталган музыкалык аспапты тапшырып жатып, Президент Садыр Жапаров балдар маселесине ар дайым көңүл буруп, жаш муундардын ар тараптуу өнүгүүсүн артыкчылыктуу багыт катары эсептээрин белгилеген. Ошондой эле жаштар арасында маданият, спорт жана билим берүүнү өнүктүрүү менен, Кыргызстан ийгиликтүү өнүгүүнүн бекем пайдулабын тургуза аларын кошумчалаган.

Өз кезегинде жаш музыканттын апасы Асел Асаналиева Президентке кат жазуу кыздын жеке идеясы экенине токтолгон.

“Ал бала кезинен эле музыкага, комузга өзгөчө жакын. Ар дайым өзүмдүн комузум болсо деп кыялданчу. Кыялын ишке ашырууга аракеттенип, өзү каалаган аспапты ррезиденттен суроону чечти. Көп өтпөй эле президент белекке комуз берери жөнүндө кабарлашты”, — деген Асаналиева.

Адинай аспапка аяр мамиле жасап, көрүнүктүү комузчу болуш үчүн болгон күч-аракетин жумшарын уюадалаган.



Керемет Акматова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу