Дональд Трамптын 39 кабаттуу имараты жардырылды (ВИДЕО)

Атлантик-Ситиде жергиликтүү бийлик тарабынан мурунку президент Дональд Трампка таандык 39 кабаттуу казино жана Trump Plaza мейманканасы жардырылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган ишкана 1984-жылы май айында ачылып, шаардагы онунчу казино болуп калган, бирок 2014-жылы ал жабылганда миңдеген адамдар жумушсуз калган. 2016-жылы ага ээлик кылуу “Trump Entertainment Resorts компаниясынан Icahn Enterprises” компаниясына өткөн.

Атлантик-Сити шаарынын мэри Марти Смолл өз администрациясына 2020-жылы кулап баштаган имаратты бузуу талабын койгон.



Мундуз Нурланбек уулу

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу