ВИДЕО - Канатбек Исаев чек арадагы кырдаал боюнча кыргыз элине кайрылуу жасады 

"Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча видео кайрылуу жасады:

"Урматтуу кыргыз элим, эки күндөн бери Баткенде абал курч бойдон калууда. Мекенибиздин тынчтыгы, коопсуздугу ынтымагы биз үчүн дайыма биринчи орунда. Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр Баткен облусуна гана тиешелүү эмес. Бул бүтүндөй Кыргыз элинин чечилбей келген көйгөйү.

Мамлекетибиз алсыз абалда турганда, бул окуя өлкө үчүн чоң сокку болду. Мындай кырдаалда ыктыярчылар менен биргеликте өлкө үчүн колубуздан келишинче жардам көрсөтүүгө даярбыз.

Бир катар партиялардын лидерлери жана саясатчыларга кайрылаарым, ушундай абалда бөлүнбөй, маселени чечүү жолдорун карап чыгалы.

Кыргыз элинин коопсуздугу күч түзүмдөрүнүн колунда. Андыктан, аларга болгон ишеним күч. Урматтуу мекен сакчылары, чек арадагы чырды чечүүгө жалпы кыргыз эли силерге ишеним артууда.

Чырдын келип чыгышына бири-бирибизди күнөөлөгөндүн ордуна “Бир жакадан баш, бир жеңден кол” чыгаралы!

Мекен үчүн жан берген жоокерлердин жана жергиликтүү тургундардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм", - делет аталган кайрылууда.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер

Кубан
Матиралдык жардам корсот
Гульсара
Кана депутат эле болом дейсинер,озунорду корсоткулочу эми,эмне кылып жардам бересинер,баргыла,жургуло Баткенде.
Сагынбек
Созду мен да айта берём Кыргыз десен барчы Баткенге.Баткен Эли силердин жардамынарга муктаж азыр .Ошол жактан депутат болом деп баргансын уктаба ойгонгула
Чырмаш
Канат жанталашып акча чачып президент болом деп бузуку саясат жургуздун эле .Баткенге эмнеге барбай жатасын ? Ошол акчаны Баткенге бербейсинби.? 120 чимкирик да сага кошулуп барсын айтып кой .? Мыйзамсыз Акчаны алып жеп отура бербегиле да тымпыйып .силердин куру созунор эшеке жук болбойт !
Калыс
Элдин ичинен жонокой эле бизнесмен жигиттерибиз чыгып,мен 20 уй куруп берем, 3 уй куруп берем дегендер чыгып атышат ,неге депутаттар жардам колун сунбай атышат,ал жерде не кылып отурушат?

Комментарий кошуу