Кытай Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чырына реакция кылды

“Кытай Кыргызстан менен Тажикстан чек ара чатагын тез арада туура тарапка чечилишине үмүттөнүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде өткөн брифингде Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэньбинь билдирди.

"Кытай тарап тиешелүү отчетторго көңүл бурду жана биздин билишибизче, тараптар буга чейин ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү", - дейт дипломат.

Ал Кыргызстан дагы, Тажикстан дагы достук мамиледеги коңшулар жана Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштөрү экендигин белгиледи.

"Биз тараптар карама-каршылыктарды жана пикир келишпестиктерди өз ара урматтоонун жана достук консультациялардын негизинде, ошондой эле аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо боюнча биргелешкен аракеттердин негизинде туура чече алат деген үмүтүбүздү жана ишенимибизди билдиребиз", - деп билдирет Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү РИА Новостиге. 



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу