Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын чек арадагы жаңжалы боюнча үн катты

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы тынчтык келишимдери боюнча комментарий берди.

“Москва биздин боордош Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы чек ара тилкесиндеги кырдаалдын кескин курчушун тынчсыздануу менен байкоо жүргүзүп жатты. Тилекке каршы, куралдуу кагылышуунун натыйжасында адамдар курман болду. Учурда кырдаал турукташты, бирок чыңалуу дагы деле болсо сакталып турат.

Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын сакайып кетишин каалайбыз.

Биз 30-апрелге караган түнү кагылышууларды токтотуу жана курч кырдаалды сүйлөшүүлөрдүн баскычына өткөрүү, күчтөрдү жана аскердик техникаларды чыгарып кетүү боюнча тараптар ортосунда жетишилген макулдашууларды кубаттайбыз.

Биз тараптарды мындан аркы сүйлөшүүлөрдүн жардамы менен - ​​союздаштык жана коңшулук маанайда - кырдаалды нормалдаштырууга мүмкүндүк бере турган туруктуу жана узак мөөнөттүү келишимдерге жетишүүгө жана мындай окуялардын кайталанбашы үчүн натыйжалуу чараларды көрүүгө чакырабыз.

Ушуга байланыштуу, Бишкек жана Душанбе шаарларынын биргелешкен жумушчу тобун түзүү жөнүндө (калк менен маалыматтык иш алып баруу, ошондой эле чек ара аймагында кырдаалды көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү) чечимин колдойбуз.

Орусия Кыргызстан жана Тажикстан менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык принциптерин карманып, ар кандай талаштуу маселелерди саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен чечүүдө ар тараптуу жардам берүүгө даяр.

 



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер

Сапаргул
Ортогу саясий оюндарга аралашпастан, тынч Жана ынтымак омур сурууну сунуштайт элем эки олкого. Ар кандай угуттоо баракчаларды интернет аркылуу жиберип кызуу кандуу жаштаоды токтото албастан кырсыкка учурап галбайлык. Жакындарыбыздф коргоп сабыодуулукту кпрмайлы демекчумун

Комментарий кошуу