Песков: “Путин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууда ортомчулук кылууга даяр” 

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууда ортомчулук ролду ойногонго даяр, деп билдирди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге.

“Албетте, биздин ар кандай форматтагы жалпылыгыбызды эске алганда - бул ЖККУ жана башкалар, президент Путин катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон курч көйгөйлөрдү чечүүдө ортомчулук ролду ойноого ар дайым даяр”, - деди Песков Орусиянын президентинин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалда ортомчулук кылуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө.

 



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер

Үпөл
Куу түлкү

Комментарий кошуу