"40 мүнөттөй тынбай ок атышып, жаракат алган Мадинанын жанына апасы бара алган эмес". Чек ара чырынан каза тапкан 12 жаштагы кыздын апасы ооруканада жатат

2009-жылы туулган Мадина Рахматжанова 29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы атышуу учурунда өлтүрүлгөн.

Мадинанын үй-бүлөсү Лейлек районунун Интернационал айылында, чек арага жакын жерде жашашкан. Алар коңшу айылга качып бара жатышканда, аскерлер аткан снаряд жарылган.

Мадинанын апасы бүгүн Бишкекке кичүү кызы менен кошо дарылануу үчүн алынып келинди. Ал эми Мадина Лейлекте жерге берилди.

Жабырлануучунун тууганы Аида Гапарова АКИpress агенттигине трагедия болгон кечинде болгон айрым маалыматтарды айтып берди.

Анын айтымында, 29-апрелде саат 19: 45те ал эжеси Нарбүбүгө телефон чалган.

“Ал мага үйдө эркек киши жок экендигин айтты. Нарбүбү эки кызын алып, коңшу айылга качкандардын артынан жөнөгөн. Алар качып бара жатышканда, 12 жаштагы Мадинага снаряддын сыныктары: жүрөккө, бөйрөккө жана башка органдарга тийген. Ок атуу токтобогондуктан апасы ага жакындай алган эмес. Болжол менен 40 мүнөттөн кийин гана анын жанына барышкан. Мадина абдан көп кан жоготкондуктан, ооруканага жетпей каза болгон”, - дейт Гапарова.

 



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер

Айсулуу
Жаш кыздын жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун
Саткын
Бейиши бол сун,наристе кыз шейит кетти,жакындарына терен кайгыруу менен конул айтам
Санамгул
Жаткан жерлер жайлуу болсун топурактар торгу болсун Оомийин

Комментарий кошуу