Өмүрбек Суваналиев: "Тажиктер адашып атып алыптыр, кечирим сурашты"

Кызыл-Бел (КР) - Гулистон (RT) өткөрүү пунктунда тажик чек арачылары ок атуучу куралдан бир жолу ок чыгарышкан. Кыргыз чек арачылары жооп берген жок. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев “24.kg” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда абал туруктуу. Ок атуу жок.

“Бул ок атуудан кийин биз УКМКнын жана Тажикстандын Чек ара аскерлеринин өкүлдөрү менен байланыштык. Бизге ок жаңылыштык менен атылганын айтышты жана алар кечирим сурашты”, - деди Өмүрбек Суваналиев.

Ал тажиктер гаубицаны сызыкка тартты деген маалыматты четке какты.

Чек арада дагы бир окуя 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы "Головной" суу бөлүштүрүүчү пунктунун аймагында башталды. Оозеки уруш мушташка айланды: тараптар бири-бирине таш ыргыта башташты. Андан кийин атышуу башталды.

Кыргызстанда 134 жабырлануучу медициналык жардамга кайрылып, 13 адам каза болду, анын ичинде 5 жаштагы бала да бар.

29-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан ок атышууну токтотуу жана аскер күчтөрүн мурдагы жайгаштырылган жерлерине алып кетүү боюнча макулдашышты. Бирок, тажик тарап ок атууну токтотпой, кыргыздын бир нече айылдарын басып алып, түнү менен өрттөп чыгышкан.

Белгилей кетүүчү нерсе, Головной суу бөлүштүргүч ишканасы Кыргызстандын аймагындагы Төрткүл суу сактагычын толтурган каналдардын башатында жайгашкан.



Керемет Акматова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу