ВИДЕО - "Баарын тынчтык жолу менен чечип алалы". Президент Садыр Жапаров чек ара боюнча кайрылуу жасады 

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча видео кайрылуу жасады. Анда бардык көйгөйлөр тынчтык жолу менен чечилери айтылат:

"Урматтуу мекендештер чек арада тынчтыкты көздөп стабилдүүлүктү сактап калууга күжүрөгөнүбүзгө карабастан, айрым чагымчыл күчтөрдүн кесепетинен улам кырыг-тажик чек арасында калабалуу окуялар башталып кетти. Биз бул окуяларды ырбатпай Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин ортосундагы ынтымак-ырашкерликти сактап калуу үчүн 2 күндөн бери бардык аракеттерди жасап жатабыз. Чек ара тилкесин аныктоо карапайым элден да, жетекчиликтен да өтө аярлыкты жана тыкан ишти талап кылган маселе. Дүйнө элинин тарыхы буга күбө. Мындай олуттуу маселелер тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу гана чечилип келген.

Тажик Республикасынын жетекчилери байыркы тажик элинин акылкөй адамдары дагы ушундай эле көз карашта экенине ишенем. Биздин элдерге тынчтыкты сүйүүчүлүк, бирин-бири урматтоо мүнөздүү. Буга биздин көп кылымдык тарыхыбыз далил. Эки элдик достугу "Манас" эпосунда Манас атабыздын Каныкей апабызга сүйүүсү, арзуусу аркылуу чагылдырганы тегин жерден эмес. XXI кылымда кыргыз менен тажик элдери ынтымак жашоонун өрнөгүн көрсөтүүгө тийиш. Буги биздин коңшу болгонубуздан сырткары табигый ресурстарга ээлик кылганыбыз да милдеттендирилет. Мен асыресе суу маселеси жөнүндө айтып жатам. Себеби Кыргызстан менен Тажикстан таза суунун запастарына ээлик кылуу жагынан алдыңкы орунда турган өлкөлөрбүз.

Тилекке каршы куралдуу кагылышуунун аягы карапайым адамдардын тынч жашоосун бузуп, адам өмүрүнө жана экономикалык чыгымга алып келди. Эки тараптан тең чоң жоготуулар болду. Учурдан пайдаланып жакындарынан айрылгандарга терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мекен чегин коргоодо жан аябай салгылашып курман болгон жоокерлердин эрдигине таазим этемин. "Согушту башташ оңой, токтотуш оор" деп айтылат. Тынчтык жана бейпилдик баарынан кымбат. Бир нече жылга созулган жарандык согушту баштан кечирген тажик эли дагы мунун жакшы түшүнөт деген ойдомун.

Улуу орозо айында мусулман калктарынын кырды бычак болуп, кырылышып турганы жакшы жосун эмес. Ошондуктан бардык тараптарды тынчтыкка чакырамын. Азыр эле Тажикстандын президенти Эмомали Шарипович менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Чек аралар жана башка бардык маселелерди тынчтык жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечип алалы деп келиштик.

Эс тутумум жаңылтпаса, мындан 16 жылда мурда бүгүнкү күндөгү көйгөйдү эскерттим эле. Тагдырдын буйругу менен дал ушул көйгөйдү чечүү менин өз мойнума туш келген экен. Кудай буюрса, жакынкы араларда чечишип алабыз. Учурдан пайдаланып, "Баткенге барабыз. Элибизге жардам беребиз" деп демилге көтөрүп жаткан жаштарыбызга, мекенчил жарандарыбызга ыраазычылык билдиремин жана эмоцияга алдырбооңуздарды суранып кетем. Баарын тынчтык жолу менен чечип алалы", - дейт өлкө башчы өз кайрылуусунда. 



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер

Жазгуль
Урматтуу Президент, сиз акылмандуулук кылсаныз, бизде бир гана жол бар, олко коп жылдан бери президенттердин башкаруу ыкмасынын жоктугунан, саясий, экономикалык тунгуюкка такалды. Азыр биз жерибизде, элибизден жана мамлекеттик укугубуздан айрылуу коркунучунда турабыз. Кыргыз элинин тагдыры учун озунуз жеке амбицияны четке коюп, Кыргыз республикабызды автономиялык область катарында Россия мамлекетине кошуунузду суранам. Тарыхта Курманжан датка энебиз, Шабдан баатыр дагы тунгуюкта ушундай жол менен чыгарган. Чек ара маселесин бир жактан Озбек, казак, тажик жана кытай элдер и менее маселебиз чон бир чечилгиз абалдабыз, кыргыз окмотунун кучу дагы, авторитети да жок. Эл экономикалык абалы да арттабыз. Ошондуктан ушул кадамга барсаныз Эл да сизге алкыш айтмакчы. Жашообуз башка денгээлде болмок. Мамлекет учун чон сураныч
мавлянкул
Россия жардам берип чечпесе бизге кыйын болот
Айзада
Албетте тынчтык керек!Аларга тенелип ок атканда мындан жаман иш болмок....Туура тынчтык жолу менен эртерээк чечилишин суранам...

Комментарий кошуу