Садыр Жапаров Шавкат Мирзийоев менен экинчи жолу телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 1-майда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Анда эки тараптуу жана регионалдык кызматташуунун актуалдуу багыттары, анын ичинде мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесиндеги акыркы окуяларга байланыштуу маселелер талкууланганын президенттик аппараттан билдишти. Тараптар биргелешкен аракеттердин натыйжасында мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесиндеги кырдаал турукташып калганын канааттануу менен белгилешкен.

"Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоев өлкөлөрдүн боордош элдеринин ортосундагы достукту жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо максатында учурдагы аймактык бардык көйгөйлөрдү конструктивдүү жана ишенимдүү диалог аркылуу чечүү ниетине бекем турушарын дагы бир жолу ырасташты", - деп айтылат маалыматта. 



Керемет Акматова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу