СҮРӨТ - Ысык-Атада мечит өрттөнүп кетти

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кеңеш айылынын Кочкорбаев көчөсүндө жайгашкан  мечитте өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

Өрттү өчүрүүгө  Ысык-Ата райондук №4 ӨКБдан бир бөлүм саат 06:59да,  саат 07:15те Кант шаарындагы №27 ӨККБдан 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 08:35те чектөөгө алынды. Азыркы учурда 3  бөлүм иш алып барууда,  өрттөн жабыркагандар жок. Өрт кырсыгынын болжолдуу себеби электр зымдарынын кыска чанылуусунан келип чыккан.

Жеринде Ысык-Ата райондук ӨКБнүн башчысы полковник Молдоисаев Бакыт башында турган ыкчам топ иш алып барышууда. Кошумча маалымат берилет



Керемет Акматова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу