Арка аймагында тажик аскерлери кыргызстандыктардын үйлөрүнө ок чыгарышты

1-май күнү саат 12: 45ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал курч экендигин Кыргызстандын УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка аймагында тажик аскер кызматкерлери кыргыз жарандарынын турак үйлөрүнө ок чыгарышты. Айыл тургундары буга чейин эвакуацияланган.

Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын чек ара бөлүктөрү коргонуу позициясын ээлешти.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу