Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан дагы 2 жаран каза болду. Каза болгондордун жалпы саны 33кө жетти 

1-майга карата чек ара чырынан дагы 2 адам каза таап, 1 адам жаракат алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жеринен билдирген. 

Маалыматка ылайык, каза болгондордун бири 1966-жылы, экинчиси 1991-жылы туулган.Экөөбү тең Интернационал айылынын тургундары болушкан. 

Жалпы чек арадагы атышуудан 33 адам каза тапты.

 



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу