ВИДЕО - "Сак болуңуздар" Лейлекте тажик тарап окоп жасап жатышат

Лейлек районунун Коргончо айылында тажик жоокерлери окоп казып жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

"Самат айылынан өткөндөн кийин Коргончо деген айыл бар. Ошол айылдагы дөңсөөдө тажик жоокерлери окоп казып жатышат. Ал жерге снайпер жайгашса жолдон өткөндөрдү атууга ыңгайлуу болуп калат. Ошондуктан айыл тургундарын, ушул жолдон өткөндөрдү абайлап жүрүүгө чакырам. Видео бүгүн, 1-майда 10:50дө тартылды", - деди тургун.

 

ВИДЕО - https://www.facebook.com/watch/?v=209131767404075



Керемет Акматова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу