Чек ара кызматы: “Тажик тарап чек арага аскер техникаларын тартууну улантууда”

1-май күнү саат 15: 00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал курч бойдон калууда, деп билдирди Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Кошумча күчтөрдү жана мүлктөрдү чек арадан алардын туруктуу жайгаштыруу жерлерине алып кетүү боюнча эки тараптуу келишимдерди бузуу менен, коңшу тарап аскерлерин жана оор аскер техникаларын Кыргызстан менен чектешкен чек ара тилкесине тартууну улантууда.

Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш конушунун аймагында тажик тарап маал-маалы менен өтүп бара жаткан унааларды аткылашууда.

Саат 13: 35те УКМКнын чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Уларбек Шаршеев Тажикстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Тажикстанга жөнөп кетти.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу