ВИДЕО - Тажиктер тарабынан жабылган Ош-Исфана автожолу ачылды

Бүгүн Тажик Республикасынын Исфара районунун Ворух айылында Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов, Өкмөттүн Баткен облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев Согди ОИИБнын начальниги милициянын генерал-майору Абдулло Навджувонов менен жолугушуп, чек араша чектеш  аймактардагы болуп жаткан абалды турукташтыруу максатында сүйлөштү.

Чек арага чектеш аймактардагы жарандардын коопсуздугун сактап, коомдук тартипти жөнгө салып, укук бузуулардын алдын алуу боюнча маселелерди талкуулады. 

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Жака-Өрүк участкасы аркылуу өтүүчү Ош-Исфана автожолу тажиктер тарабынан жабылган жол ачылды.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы



Керемет Акматова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу