ВИДЕО - Артем Новиков Баткендеги кырдаал тууралуу маалымат берди

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Баткен аймагындагы кырдаал тууралуу маалымат берди.

Видео социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Баткен облусунун жабыркаган аймактарына гуманитардык жардам жеткирилүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жергиликтүү калкка колдоо көрсөтүү боюнча так милдеттерди койду.

"Лейлек районуна гуманитардык жардам жүктөлгөн чоң колонна жөнөтүлдү. Кечээ Лейлек районуна 40 тонна жүк жеткирилген, буга чейин учак Исфанага гуманитардык жардам алып келген, бүгүн дагы 60 тонна жүк Президенттин тапшырмасы менен жөнөтүлүп жатат. Жакынкы аралыкта Лейлек району үчүн дагы 100 тонна жардам жеткирилет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жабыркаган адамдарга жана жалпы Баткен облусуна гуманитардык жардам алуу боюнча бирдиктүү координациялык борбор катары аныкталды. Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алектенет",-деди Новиков.

 

ВИДЕО - https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=297467921910433&id=100049416810624



Керемет Акматова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу