Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 152 жаранга ок тийген

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу окуяда 152 жаранга ок тийген. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев брифингде кабарлады.

Тергөө тарабынан такталган маалымат боюнча, жалпы 162 адам жараат алган. Анын 12си чек ара кызматкери (3 кызматкер курман болгон), 17си ички иштер кызматкери, калганы катардагы жарандар.

Ок тийип каза болгондордун саны 34, анын үчөө чек ара кызматкери болсо, 31и жай тургундар. Жарандардын ичинен ок тийип жаракат алгандар 118, таш 10 адамга тийген.

Учурда тергөө топтору түзүлүп, келтирилген чыгымдар жана башка далилдерди топтоо иштери аткарылууда.



Регина Баймуратова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу