ВИДЕО - Садыр Жапаров: "Элимдин уул кыздарынын, айрыкча, 12 жашар кызымдын өлүмүнө кайгырып, кан төгүп турам"

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалдын турукташуусуна байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Кадырлуу мекендештерим!
28-30-апрель күндөрү касиеттүү Кыргызстан эли үчүн тарыхый оор сыноонун да, кайгынын да күндөрү болду.

Ыйык Ата Журтубуздун аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч келип, тынч жаткан элибиздин бейпилдиги бузулду.
Бирок, Кыргызстандын чек ара жана күч органдарынын күжүрмөн даярдыгы, моралдык жактан бийик маанайы жана каармандыгынын аркасында өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн сактап кала алдык.
Тилекке каршы, чоң жоготууларга учурадык. Миңдеген жарандарыбыз жашаган жерлерин аргасыздан таштап кетүүгө мажбур болушту.
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына көңүл айтам, аза кайгысын тең бөлүшөм.
Элимдин уул-кыздарынын, айрыкча, 12 жашар кызымдын өлүмүнө кайгырып, ичимен кан өтүп турат!
Ошондой эле, жүздөгөн жабыркаган жарандарыбыздын тез аранын ичинде сакайып кетишин тилеймин!
Мамлекетибиздин ар бир чарчы метр жери үчүн жан аябай салгылашып, жанын берген каарман жоокерлерибиздин эрдигине башымды ийип таазим этемин.
Жоокерлерибиз Манас-Атанын чыныгы урпактары, кыргыздын нагыз эр жүрөк баатырлары экендигин далилдеди!
Дарыгерлерибиздин, куткаруучуларыбыздын жана гуманитардык жардам көрсөтүп жаткан ыктыярчыларыбыздын ишин өзгөчө белгилейм.
Алардын көк жалдыгы, эрдиги жана күйүмдүүлүгү кийинки муун үчүн өрнөк!
Кыргызстандын чек ара жана күч органдарынын айбат көрсөтүп, өз өлкөсүн өжөрлүк менен коргогондугунун натыйжасында сүйлөшүүлөр башталып, бир гана дипломатиялык жолдун зарылдыгы аныкталды.
Мен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки ирет сүйлөштүм.
Чатакты ырбатпоо үчүн, чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялар ортосундагы иштин натыйжасында тийиштүү протоколго кол коюлду.
Ушул күндөрү курал-жарак талап кылып, Баткенге барууга ашыккан мекенчил жаштардын жигерин туура түшүнүүгө болот". 



Керемет Акматова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу