Баткенде жалпы 104 турак үй жана 26 имарат күйгөн 

Чек арадагы окуядан кийинки калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аймакта келтирилген чыгымдарды аныктоо боюнча комиссия ишин улантууда. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, облуста жалпы 104 турак үй, 2 мектеп, 1ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара заставасы, 10 май куйуучу жай, 8 дүкөн күйгөн. 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиевдин, чек арадагы болуп өткөн окуядан кийинки калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү боюнча буйругуна ылайык, өрттөлүп, жараксыз абалга келген турак үйлөрдүн калдыктарын тазалоо, калкттуу конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо, сугат суу, таза суу линияларын калыбына келтирүү иш аракеттери жүрүүдө. 

Болуп өткөн окуялардан Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр, Кара-Бак айыл аймактарынын айылдары жана Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер айыл аймактарынын айылдары жабыркаган. 

 



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу