СҮРӨТ - "Кечир бизди, наристе". Снаряд жарылып, сууга агып кеткен 5 жаштагы баланын өлүмү

Фейсбук социалдык тармактын колдонуучусу Барчын Аманова кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза тапкан 5 жаштагы баланын окуясы тууралуу жазып чыкты. 

"Кечир бизди, наристе.  Дагы бир периштебиз, келечектеги бир үй-бүлөнүн ээси болчу наристе учуп кетиптир.

29.04.21 саат 19.15те Арка айылынын тургундары Тажикстан террористтик кол салган дүрбөлөндөн атылган окту угуп жатышты. Бир кезде жардыруулар башталып, сыртка атып чыкса эле үйлөр өрттөнүп баштайт. «Качкыла!» деген кыйкырык угулат. Мындай апаатты өмүрүндө көрбөгөн карапайым эл баары тоону көздөй качып жөнөшөт. Абидиндин апасы да уулун колунан сүйрөй экинчи наристесин бооруна кысып, эл менен кошо чуркайт. Арасында жашы да, карысы, боюнда бар келиндер, майыптар бар. Эмне болгон апаатты түшүнбөгөн эл Фергана каналынан өтмөкчү болот. Эми жетишкенде кезектеги снаряд жарылып, Абидин сууга түшүп агып кетет. Денесин чоочун кишилер көрүп калып кармап калышат, дагы 200 метрдей агып барса тажиктер тарапка өтүп кетип табылбай калмак экен.

Турсунбаев Абидин Аликович 1-июльда 5 жашка толмок. Ата-эненин туң уулу, көкүрөк күчүгү, ширин небере.

Өз айылына көмгөнгө болбой калыптыр, тажиктер атып жатышкан, Даргаз айылына жерге беришиптир.....

Террорист Э. Рахмонов, шейит кеткендерге сыздагандардын көз жаштары сага тынчтык бербесин. Сен террорист, киши өлтүргүч, кылмышкерсин!"

Возможно, это изображение (ребенок и стоит)

Возможно, это изображение (ребенок, стоит и на открытом воздухе)

Возможно, это изображение (ребенок, стоит и на открытом воздухе)

Возможно, это изображение (1 человек, ребенок, стоит, тюрбан, платок и на открытом воздухе)

Возможно, это изображение (1 человек, ребенок и стоит)



Керемет Акматова

Бөлүшүү


Комментарийлер

Мубина
Алахым бейишин берсин. Бээ куноо балдар, кыздар уктап жаткан жеринде тушунуп тушунбой каза болуп калыштыы. Эх аттииииин.
Бурулкан
Аллахым бейиш торунон берсин ыйманы саламат болсун наристетенин арбагы урсун Ким кылса дагы тажиктерди кудай алсын уйбулоосуно конул айтам сабыр берсин ооминь
Сабира
Аллахым жазасын берсин,алладан жардам сурап дуа кыламын.
Жусуп
Алаа таалам жаткан жеринди жайлуу кылсын уккам оомин
Самара
Аллахым бейиш торунон берсин
Алтынбек
Аллахым Бейишин берсин.
Каныбек
Ооо Аллахым ушул отуп кеткен инибиздин жаткан жерин жайлу кылсын Аллах озундун эн бийик фирдаус бейишинден жай берип насип эт аллахым Ата энесинин омурун узун кылып ден соолугун чын кыл аллахым Аамиин
Каныбек Бегибев
Аставди-укуму-ллооха-ллазии лаа тазий-у ва даа-и-уху''. Мааниси Мен сени ушундай алла таалага тапшырамын, Ага тапшырылган аманаттын арты кайырсыз болбойт. Жаткен жери жайлуу болсун
Турсунбұ
Наристенин убалы уктатпасын!тажиктерди

Комментарий кошуу