Шишкебекти туура эмес бышыруу рак шишиктеринин пайда болушуна алып келет

Орусиялык диетолог шишкебекти туура бышыруу боюнча кеңеш берди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты. 
Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-майда чет элдик басылмаларга Сберздоровье кызматынын диетологу Маргарита Макуха шишкебекти табигый майлуу эмес этти маринаддап, бат-баттан айлантып бышыруу ден соолукка алда канча пайдалуу экенин айткан. 
“Шишкебекти бышырардан мурун майсыз этти тандап алууга же болбосо эттеги майды алып салууга аракет кылыңыз. Май көмүргө тамчылагандагы түтүн рак шишиктеринин пайда болушун шарттайт. Ошондуктан, бышырганда этти тез-тез буруп туруу керек. Эң жакшысы, шишкебекти табигый эттен, үй канаттууларынан же балыктардан даярдаш керек” , - дейт диетолог.
Жалпысынан, анын айтымында, жарым фабрикаттарды, колбасаларды жада калса грилди мүмкүн болушунча аз жеш керек. Ошондой эле көп убакытка бышырбоону, күйүп кеткен этти жебөөнү сунуштаган.



Регина Баймуратова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу