Каттоо кызматы кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган жарандардын жоголгон же жок кылынган документтерин калыбына келтирет

 

Каттоо кызматы кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган жарандардын жоголгон же жок кылынган документтерин калыбына келтирет.
Мамлекет жетекчилигинин тапшырмасы боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара чатагында жапа чеккен жарандардын жоголгон же жабыркаган документтерин калыбына келтирет. Бул тууралуу 3-майда медиа-штабда өткөн маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди.
“Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Залкарбек Карыбеков жана Калкты каттоо департаментинин директору Махабат Пратова Баткен облусунда жүрүшөт. Жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте документтерин калыбына келтирүүгө муктаж жарандардын тизмесин түзүшүүдө”, - деди ал.
Мамкаттоо кызматынын төрагасынын айтымында Баткен областынын Лейлек районунда 40 миңден ашык жаран жашайт. Алардын көбү азыр Баткен шаарына жана Ош облусуна эвакуацияланган. Азыр тизмелери иштелип чыгууда. Андан ары аймактык бөлүмдөргө жиберилип, текшерилет.
Мындан тышкары, Мамкаттоо кызматы жер-жерлерде мобилдик калкты тейлөө борборлорун уюштурат.
Ал жакта жарандардын паспорт, туулгандыгы, никелешкендиги тууралуу күбөлүктөр, үй, унаа ж.б. документтерин калыбына келтирүү үчүн керектүү бардык техникалык жабдыктар менен камсыздалган.
Толугураак маалыматты Мамкаттоо кызматынын Маалымат борборунун 119 номери аркылуу алууга болот.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу