Бишкектеги "Жеңиш" аянтында чөптөн чыккан өрттөн улам эс алуучу беседка күйүп кетти

Түндө Бишкек шаарындагы "Жеңиш" аянтында чөптөн чыккан өрттөн улам адамдар эс алуучу беседка күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-майда Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 02:25те ӨКМдан 1 куткаруу бөлүмү тартылган. Аталган өрт саат 02:34тө чектөөгө алынып, саат 02:38де толук өчүрүлгөн.



Керемет Акматова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу