Садыр Жапаров Катардын Эмири Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Катар мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-катар эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин жана аны бардык чөйрөдө өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. 

Жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларын уюштуруу, Экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-катар өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу сыяктуу маселелер көтөрүлдү. 

Ошондой эле тараптар эл аралык жана регионалдык айдыңдагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты. 

Президент Садыр Жапаров Катар мамлекетинин Эмирине кыргыз элине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, Эмирди жана Катар элин алдыдагы Орозо айт майрамы менен куттуктады.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер

АКМАРАЛ
Садыр Жапаровдун сабырдуулугу жана согушка каршы экенин чет мамлекетте баалашты ошон учун ал акыбал сурап жатышат аллахым озу колдосун кыргыз элин жана журогу таза бут дуйнодогу элдерди

Комментарий кошуу