ФОТО - Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында милициянын көчмө кабылдамасы иштеп жатат

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында милициянын көчмө кабылдамасы иштеп жатат. Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык, Борбордук, Арка-2, Достук айылдарында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте толугу менен күнү-түнү иш алып барууда. 29-30-апрель күндөрү эвакуация болуп айылдан чыгып кетип, бүгүнкү күндө өз айылдарына кайтып  келген жарандарга милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, милициянын көчмө кабылдамасы арыз-кайрылууларды кабыл алып жатышат.
Учурда жогорудагы аталган аймактар туруктуу.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу