Шейшенбек Байзаков: “Элдик дипломатияны колдонуп,  эки өлкөнүн кадыр-барктуу, тасирлүү инсандарын чогултуп, эл менен жолугушууларды өткөрүүбүз зарыл”

Бүгүнкү күнү   Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышуу боюнча Кыргызстан иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.  Жыйынтыктоочу баа иликтөө аяктагандан кийин берилет. Ал эми ушул маалда биз үчүн эң маанилүүсү башында  жетишилген макулдашууну сактоо жана эскалацияны  болтурбоо.

Баткен облусунун мамлекеттик чек арасындагы кыргыз-тажик тилкесинде орун алган окуяда  курман болгондордун  ата-энелерине, тууган-уругуна  терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кайрат кылыңыздар демекчимин. 1999-2000-жылдары эл аралык террористтер мамлекеттик чек араны бузуп кирип,  кол салышкан. Бул эл аралык бандалык түзүлүштөр Кыргызстандын аймагына кирип келишип,  “ФАНО” (Фергана, Андижан, Наманган, Ош) ислам мамлекетин түзүүнү каалашкан. 1999-2000-жылдагы Баткен окуясында 55 адам, анын ичинен 51 аскер кызматчылары, 4 жаран курман болгон. Ал эми 2021-жылдын үч күн ичинде отуздан ашуун адам курман болду.  Бул мыйзамсыз аракетти тарых өзү баалап алат. 

2000-жылы Баткен облусу түзүлүп, ошол учурдагы мамлекет башчысынын бул чечими  эң чоң жетишкендик болгон.   Ошол эле учурда тажик тарап менен көптөгөн талкуулар (суу, жер)  болгон. Бул жерде  тажик өкмөтүнүн дагы, биздин өкмөттүн дагы  күнөөсү бар деп эсептейм. Анткени учурунда эле кыска убакыттын ичинде демаркация жана делимитацияны жыйынтыкташ керек болчу. Баткен облусунун түзүлгөндүгүнө жыйырма жыл болгону менен  чек ара  маселелери чечилбей келет.

Мен учурунда Баткен облусунун ички иштер башкармалыгын жетектегем.  Биз иштеп жатканда чек арага чектеш эки мамлекеттин айылдарынын ортосунда  аябай  досчулук күчөп турган кези болчу. Ошондо баягы “Элдик дипломатия” деп коебуз, ал жогору турат эле. Азыркы учурда дагы элдик дипломатияны колдонушубуз керек.   Ар бир облуста, райондордо эмгеги сиңген кадыр-барктуу, абройлуу ак сакалдар бар.  Алардын катышуусун камсыз кылып, Тажикстандагы кесиптештерибиз менен биргеликте көптөгөн иш-чараларды өткөрчүбүз. Массалык, маданий иш-чараларды Исфарага өткөрсө, биз барган учурлар көп болгон. Биз тарап өткөрсө алар келишкен. Ынтымагыбыз бекем эле. Кийинчерээк андай болбой калды. Ынтымагыбыз солгундап кетти. Мунун башкы себептердин бири облустарда жана райондордо коюлган жетекчилер кыска убакытка дайындалып,  тез арада алмашылып жатат. Жетекчиликти тез-тезден  алмаштыруу райондор, элдер арасындагы достукка таасирин тийгизүүдө. 

Анан дагы Баткен жети облустун ичинен  өзгөчө болуп эсептелгендиктен, бул жерге  өзгөчө макам   берилиши керек деп эсептейм. Баткен облусу Тажикстандын  тогуз району, Өзбекстандын алты району  менен чектешет.  Бул облус түзүлүп жатканда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы 12 пост бар болгон. Баткен облусу менен Согди облусунун жарандары үчүн чек арадан өтүүдө кыйынчылыктарды жаратып жатканын эске алып,  биргеликте  кеңешип  5 постко чейин кыскартканбыз. Биринчи кезекте биз демаркация жана делимитация процесстерин жыйынтыктап алышыбыз керек. Андан сырткары ыкчам кырдаалга Борбор  Азия регионундагы баңгитрафигинин аткезчилиги таасир этүүдө. Жакын арада чек ара маселеси чечилип калса, анда аткезчиликке, баңгитрафигине бөгөт коюлат.

Эзелтен бери тажик эли менен кошунабыз. Бизде карым-катнаш канча кылымдан бери жүргөн нерсе. Көз карандысыздыктан башталып эле, жер талаштар, суу талаштар башталып кеттида. Бул чечиле турган нерселер. Ошон үчүн делимитация менен демаркацияны жакын арада бүтүргөнүбүз оң. 

Шейшенбек Байзаков , милициянын генерал-майору  Баткен окуясынын катышуучусу, Эл аралык полициялар ассосациясынын Кыргызстандагы секциясынын президенти



Керемет Акматова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу