Садыр Жапаров: "Соттор адилеттикти жана эркиндикти тебелеп тепсешүүдө"

Бул тууралуу бүгүн, 5-майда президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасап жаткан учурда сүйлөп жатып айтты.
Айтымында, бул тармак болуп көрбөгөндөй жаңыланат.

"Мен андай болуп жатканынын эки негизги себебин көрүп турам. Алар биринчи тергөөчү соттордун позициясын алдын ала маалымдаган терең тамырлаган күнөлүү кишинин презумпциясы. Алар окуяны толук иликтебей туруп эле, адамды күнөөлөп кылмышкер кылып башташат.

Андан соң сот өкүмү чыга электе эле пресс маалыматтар адамды эң оорр кылмыш менен айыпталып жатканынын жазып чыгышат. Сот адилет болуп, ишти калыс иликтеш керек. Экинчи себеби соттон өкүмдү сатып алуу мүмкүнчүлүн берген коррупция. Көп жылдан бери бул тармак жаңыланыш керек экени айтылып келет. Бирок кырдаалды өзгөртүү боюнча натыйжалуу иш жасалган жок", - деди Жапаров.



Керемет Акматова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу