Өмүрбек Бабанов коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Мурунку өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов коронавируска каршы эмдөө алды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчаксы аркылуу билдирди.

"Ковидди жеңиш үчүн жалпы вакцинациялоо керек. Sputnik V же Синофармбы, ар ким өзү тандашы керек. Мен бизде сунушталып жаткан Sinopharm менен вакцина алдым. Алганыма үч күн болду, кошумча эч бир симптом байкабадым. Баарыңыздарды вакцина алууга үндөйм. Ден соолугуңуздар чың болуп, жакындарыңыздар дайыма жаныңыздарда болсун!", - дейт ал.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу