Жалал-Абад шаарында “Кайырчы” рейди жүрүүдө

Бүгүн, 11-майда Жалал-Абад шаарында “Кайырчы” рейди жүрүүдө. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен Жалал-Абад шаарынын аймагында лөлү тектүүлөргө “Кайырчы" аталышындагы рейд жүрүүдө. Жалал-Абад шаарынын мэриясы жана социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлүп жаткан рейд таң эртеден башталган. Шаар тургундарына ыңгайсыздыктарды жаратып, коомдук жайларда тилемчилик кылгандардын алдын алуу максатында лөлү тектүү жарандар убактылуу жашаган жерлеринен ШИИБге жеткирилген. Алардын өздүктөрү такталып, жашаган жерлерине сунуштар жөнөтүлдү. Жалпысынан 20 ата-эне колунда жаш балдары менен тилемчилик кылаары аныкталды. Алардын ичинен 5 жаран 2 жаш өспүрүм менен Өзбекстан Республикасынан келгени белгилүү болду. Учурда тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

 

 



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу