УКМК: "Пара талап кылуу учурунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды"

Пара талап кылуу учурунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун иш аркеттерине каршы туруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, "Дөө Чыңгыз" каймана аты менен белгилүү Ч.Джумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүнүн атынан иш алып барып жүргөн уюшкан кылмыштуу тобтун мүчөсү «И.Р.М.» жеке ишкерден 20 миң АКШ доллар талап кылып алып жаткан жеринен кармалды.
 Кармалган «И.Р.М.» Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда алардын шериктерин жана башка соттолуучуларды кармоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатат.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу