Саламат Садыкова: "Былжырак майда митедей ызылдаганды коёлу"

Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова жакшынын жакшылыгын айтып, өмүргө нур чачууга чакырды.

"Ырыстуу элден бололу! Бакытты бирге тосолу! Былжырак майда митедей ызылдаганды коёлу. Жашоого кумарлануга, жакшынын жакшылыгын айтып, өмүргө нур чачалы, сүйүнөлү сыйлашып сырдашып бир басалы. Кара жердей карарбай жүрөктөрдү, ичибизди агарталы. Элди баккан береке тапкан асылдарды басынтпайлы барктайлы", - дейт ырчы.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу