Сокулук районунда аялын сабап өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Чүйдүн Сокулук районундагы Ново-Павловка айылында күйөөсү аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

17-май күнү саат 23:20 чамасында Сокулук РИИБине Ново-Павловка айылындагы үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине ыкчам топ барып, 1992-жылы туулган Ж.Э. аттуу аялдын жансыз денесин табышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, шектүү катары маркумдун күйөөсү, 1982-жылы туулган О.Н. кармалган.

Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө уруш кызганычтан чыгып, аял денесинен алган жаракаттарынан улам каза болуп калган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер

Анарбек Акматбеков
Күнөөлүү , күнөөсүн тартыш керек .

Комментарий кошуу