Токтогулда ун ташыган фура күйүп кетти

Токтогул районунда жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Бул тууралуу 18-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, Бишкек-Ош унаа жолунун 219-чакырымында оор жүк ташуучу Вольво унаасынын чиркегичи күйүп кетти. Ичинде ун болгон. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу