Улукбек Мариповдун орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара алып жатып кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалымат боюнча, Коопсуз шаар долбоорунун экинчи этабын ишке ашырган чет өлкөлүк компаниянын өкүлүнүн өтүнүчү боюнча, өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Кошумчалангандай, Азамат Дыйканбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер

Асанбек
Жаш мекенчил балдардын бетине коо жаабаарынды ойлондун бекен!Жараткан берген доотунду,ырыскынды тептин.Эми мээнет омуру башынан кетпей.Аттин...
Асанбек.
Ак иштесен жараткан жар болуп , ишин алга жылып эл сыймыгына ээ болот элен.
Таласбек
Эл шордуу коопсуз шаардын штрафтарынан азап тартып, алды өлүп калып жатат олчойгон штрафты ойлонуп, булар кабинетте отуруп эл ойлобой иш кылууда. Наалаты тиет акыры ушинтип.
Асан
Кудай бар сага Ак медиа, атыны ак дегенден кийин, ким кылса ошонун атын жазсан, куру доомат кылбай, ар бир министир учун башчысы жооп бербейт, тем более ал койбогондон кийин, биронун атын каралабай, кармалган адамды жазып жур, жазып койсом кутулам дебе, сурак жообу тез келет жооп бересин кудай алдында.
Ая
Деги бир да карапайым Элдин балдары чонураак жумушта иштешпейт жалан эле депутаттын балдары жа чиновниктин балдары ээлеп калган кызматтарды карап турсан акча берип кирип атышат жумушка аны эч ким контролдобойт анан бири биринен отуп коррупция болот да олду дегенде эле 5000$ дан ойдо сурайт экен карпайым эл кардан таап берет ал сумманы ал Эми депутат мне чиновник таап берет ошентип атасы баласына коррупцияны уйротот .

Комментарий кошуу