Ноокатта 21 жаштагы жарандын жансыз денеси өз унаасында табылды

Ош облусунун Ноокат районунда дайынсыз изделип жаткан 21 жаштагы жарандын жансыз денеси өзү айдап жүргөн унаанын багажынан табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

23-май күнү Ноокат районунун Алашан айылынын тургуну Ноокат РИИБине 21 жаштагы иниси 21-май күнү Деу-Ласетти үлгүсүндөгү унаасын үйүнөн айдап чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирип арыз менен кайрылган.

Аталган арыз Ноокат РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында 23-май күнү дайынсыз жоголгон жарандын унаасы Көк-Жар айылында жайгашкан "Ака-Үка" чайканасынын короосунда токтоп турган жеринен табылган. Унаага кароо жүргүзүү учурунда багаждан дайынсыз жоголгон жарандын жансыз денеси табылган. Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонуп өлтүрүлгөндүгү белгилүү болгон.

Тергөө учурунда шектүү катары 20 жаштагы Т.Ж. жана 17 жаштагы Т.А. кармалып тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Эмне себептен өлтүргөндүгүн тактоо максатында тийиштүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилгени жазылат маалыматта



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу