Талас облустук казыяты 1630 даана Куранды мечит имамдарына таратып берди

24 – майда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабековдун демөөрчүлүгү менен Талас облусунун казыятына 1630 даана Ыйык Курандын кыргыз тилине которулган китеби келип түштү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Талас облусунун казыяттын иш башкарманын жетекчиси Медер ажы Сагынбаев берилген китептерди Талас облусунун бардык мечиттерине, медреселерге жана имам хатибтерге тапшырды.

“Китептерди Талас облусундагы 154 мечиттерге 9 даанадан, 5 медресеге 40 даана жана имам хатибтер, диний кызматкерлерге 1 даанадан таратып бердик. Демөөрчүлүк көрсөткөн Дастан Жумабековго казыят атынан терең ыраазычылык билдиремин. Курандын касиети менен жаштарыбыз ыйманын бекемдеп, жашоосуна пайдаланып, билимдерди жогорулатууга себепчи болооруна ишеничтемин”, — деди Медер ажы Сагынбаев.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу